Бүгүн, 11-февралда маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматчысы Жоробай Абраимов
"учурда Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө кылмышкерлер психиатриялык ооруканалардан алган "акыл-эсинен жабыркандыктан, аракетке жөндөмсүз" деген маалымдама менен жаза өтөбөөгө аракет кылышат" деп билдирди.
"Маселен, Боомдогу кылмышка шектүү Заур Магомедов Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада дарыланып жаткан учурда да кылмыштуулук менен алектенип жүргөн. Ал 2013-жылы шериги менен кылмышка барып, тапкан 50 миң долларына БМВ үлгүсүндөгү унааны сатып алган. 2014-жылдын 9-февралында Караколдо пландалган кылмышы ишке ашпай калып, Бишкекке бара жатканда жол-кайгуул кызматкерлери менен акыркы окуяларга туш болгон",- деди Жоробай Абдраимов.
КРнын Кылмыш-жаза кодексинде "кылмыш иши козголгондон кийин медициналык экспертиза өткөрүлөт" деп белгиленген. Эгер экспертизанын жыйынтыгында кылмышкер акыл-эсинен жабыркаган болсо, ал психиатриялык ооруканадан дарылоого жөнөтүлөт. Ага байланыштуу кылмыш иши токтотулат.
Эскерте кетсек, 9-февралда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада
бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. 10-февралда алар Токтогул шаарынан чыга бериш жердеги “Бабур” кафесинин жанында өлтүрүлгөн.