Японияда 9-февралда Кыргызстандын Маданият күндөрү өттү. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, кол өнөрчүлөрдүн буюмдары көргөзмөгө коюлган. Маданият күндөрү кыргыз элинин турмушу, салты жана маданияты менен тааныштыруу максатында уюштурулган.
Ага дүйнө элинин өкүлдөрү, Японияда билим алган кыргызстандык студенттери катышып, коноктор улуттук тамактардан даам татышты.
Иш-чара “Саат билим” япон окутуу борбору, Япониядагы кыргызстандыктардын ассоциациясы жана элчиликтин колдоосунда өткөрүлдү.