Норвегияда студенттер арасындагы жарманкеде Кыргызстан 1-орунду багынтты

Норвегиянын Телемарк "Telemark University College" (TUC) университетинин алдында 8-февраль күнү студенттер арасында жарманке болуп өттү. Анда 20дан ашуун мамлекеттин студенттери өз өлкөсүнүн маданиятын тартуулап, улуттук буюмдарын жана тамак-аштарын көргөзмөгө коюшкан. Көргөзмөгө экинчи ирет катышкан кыргызстандык студенттер бул жолу 1-орунду багындырышты. 

Бул тууралуу SUPER.KG порталына жаш активист Дулат Атучиев билдирди. Анын айтымында, аталган иш-чаранын негизги максаты - ар бир мамлекеттин каада-салтын өз ара тааныштыруу. Бул жарманкеге катышуу үчүн чет өлкөдөгү университеттердин студенттери эл аралык программа менен келишип, 1 семестр окуусун улантуу учурунда катыша алышат. 

“Биздин мекендештер "Эразмус Мунтус" (кызматташуу)  программасы аркылуу 1 семестр окуусун улантуу учурунда катышышты. Кыргызстандагы айрым жогорку окуу жайлар Телемарк (TUC) университети менен тыгыз байланышта. Негизинен биздин өлкөнүн студенттерине 5 окуу оруну бөлүнүп берилет. 

Жарманкеге катышкан Бишкек финансы жана экономика академиясы, Кыргыз экономика университети, Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана Ысык-Көл университеттеринин студенттерине аталган окуу жайлар жардам берди. 20дан ашуун өлкөнүн ичинен 3-орунга Монголия, 2-орунга Грузия татыктуу болду. Ал эми 1-орунду Кыргызстан багындырды”,- деди активист. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
AshatMJ89
2014-02-11 17:14:45
ой азаматтар
+1
peri...97
2014-02-11 17:18:18
Эн соонун...азаматтар....
+1
mahas
2014-02-11 17:21:39
Молодцы жакшы жанылык
+1
aitowa11
2014-02-11 17:26:42
Окуп алып аябай суйунуп калдым
+1
primus
2014-02-11 17:29:20
Соз жок силерге.окуунарга ийгилик,алыста журсонорда оз мекенинердин каада-салтын,урп-адатын унутпай жургонунорго силерге алкыштар болсун.
+1
KG_URPAGI
2014-02-11 18:15:17
Дуйнонун бир бурчунан кандаштарымдан жакшы жанылык угуп бир азга болсо да кубанып олтурам, кыргыздырды суйунтуп ар дайым ардактуу кесиптер менен алектенип, мекенге болгон чексиз суйуунорду жана эмгегинерди аябагыла!
+3
emilkyrshab
2014-02-11 18:16:11
Чын конулдон куттуктайбыз, окууларынарга ийгилик, келечекте коп ийгиликтерди багынтып журо бергиле. БРАВО...
+1
ales
2014-02-11 18:28:06
Аззаматтар, Жаштар гана жакшы жагыбызды чыгарышат.
Чоңдорубуз саясий оюндары менен алек. Буларга белек берип койгонго да жарашпайт эми...
+1
alisa.ilias
2014-02-11 19:33:06
Жанылыгынарга чоон рахмат ийгилик сиздерге
+1
Kalmyrza
2014-02-11 20:30:44
Кыргызстан ар дайым алга
+1
batyrhan91
2014-02-11 21:11:20
азаматсынар онорунор оркундой берсин))))))))))))))))))
+1
Egen.Osh
2014-02-12 01:42:48
Азаматсынар!Бирок чынында биздин уч кыз тен сулуу экен,айрыкча жоолук салынган кызды бир коруп суйдум)))
+1
Beko87
2014-02-12 02:27:13
жылдыздуу кыз-жигитер экен.)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан