11-февралдагы маалымат жыйынында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев “Боом капчыгайында болгон окуяда үчүнчү милиция кызматкери да болгон” деп билдирди.
Анын айтымында, 9-февралда саат 17:00 чамасында Бишкек-Балыкчы жолунун 160-чакырымында үч милиция кызматкери өз милдеттерин аткарып жатышкан. Алар: Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, айдоочу Бакыт Абдраев, Балыкчы шаардык жол-кайгуул кызматкери Таштан Аскарбек уулу жана Балыкчы ШИИББинин баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү.
“БМВ үлгүсүндөгү унаа тез ылдамдыкта бара жатып, жол-кайгуул кызматчысынын буйругуна токтобой качып кеткен. Унааны Тоң районунун Көк-Мойнок айылына чейин үч милиция кызматкери кууп барган. БМВнын айдоочусу токтоп, милиционерлерди аткылай баштаган. Атышуунун натыйжасында милиция кызматкери көз жумду, жол-кайгуул кызматчысы жаракат алды. Үчүнчүсү тирүү калды, бирок неге ал кылмышкерлерге каршы эч нерсе кылган жок, ал белгисиз. Үчүнчү милиционер боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө”,- деди Мамбеталиев.
Эскерте кетсек, 9-февралда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. 10-февралда алар Токтогул шаарынан чыга бериш жердеги “Бабур” кафесинин жанында өлтүрүлгөн.