Акыркы сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, Нарында бала бакчадан өрт чыкты

Акыркы сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 12-февралда билдирди. 

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Нарында бала бакчадан өрт чыгып, 6 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан