2013-жылы оң рулдуу унаалардын катышуусунда 1472 жол кырсыгы катталып, 267 адам каза болгон. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыктарынан 2388 адам денесинен ар кандай жарааттарды алышкан. Ал эми Бишкек шаарында оң рулдуу унаалардын катышуусунда 536 жол кырсыгы катталып, 223 адам көз жумду.