“Сочи-2014”. Бүгүн, 12-февралда 6 комплект медаль ойнотулат

Бүгүн, 12-февралда “Сочи-2014” Олимпиадасында 6 комплект медаль ойнотулат. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, тоо-лыжа спорту, кёрлинг, лыжа менен кош жарыш, чана спорту, коньки тээп ылдамдыкка чуркоо, сноуборд, муз үстүндө бийлөө жана хоккей спорттору боюнча таймаш болот. Бул күнү хоккей жана кёрлингден тышкаркы 6 спорт түрүнөн медалдар ойнотулат.

Тоо-лыжа спорту (Бишкек сааты боюнча 13:00дө башталат. Кыз-келиндер арасында жеңүүчүлөр аныкталат).

Кёрлинг (11:00. Кыз-келиндер жана уландар арасында 4-5-сериялардагы беттештер орун алат. Жалпысынан 11 оюн орун алат).

Лыжа менен кош жарыш (Жарыштар 15:30да жана 18:30да башталат. Орто бийиктиктеги трамплинден секирүү жана 10 чакырым аралыкка жарыш орун алат).  

Чана спорту (20:15, 21:45. 2 орундуу чаналар менен 1-2-жарыштар болот).

Коньки тээп ылдамдыкка чуркоо (20:00. Уландар арасында 1000 метрликте).

Сноуборд (Хафпайп түрү. Кыз-келиндер арасында тандап алуу туру 16:00дө, жарым финал 21:00дө, финал 23:30да башталат).

Муз үстүндө бийлөө (21:45. Жуптук).

Хоккей ( “А” жана “С” тайпаларында 4 оюн орун алат. 14:00, 18:30, 23:00). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан