“Даңазалуу кылым” сериалында Хүрремдин ролу аркылуу белгилүү болгон актриса Мерьем Узерли 10-февралда көз жарды.
Бул тууралуу актриса социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазып чыкты. “Бул дүйнөгө кош келипсиң, менин кымбаттуум Лара Узерли! Аман-эсен төрөлгөнүң үчүн Жаратканга ыраазымын. Кудай мага күч берди, сени биринчи күндөн баштап коргой алдым, сен жашап жатасың. Бул менин эң чоң белегим! Төрөт учурунда жанымда болгон курбума рахмат айтам. Үй-бүлөмө, досторума да рахмат айтам. Каалоолоруңуз жана сүйүүңүз үчүн чоң рахмат!”- деп кубанычын күйөрмандары менен тең бөлүшкөн.