Жети-Өгүз районунда жол кырсыгынан каза болгондордун тизмеси такталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Каза болгондор:
1. Бектемир Мамбеталиев, 1956-жылы туулган, унаанын айдоочусу, Жеңиш айылынын тургуну.
2. Света Жакшылыкова, 1963-жылы туулган, Дархан айылынын тургуну.
3. Асылкан Асанбаева, 1971-жылы туулган, Саруу айылынын тургуну.
4. Сагынбек Медербеков, 1955-жылы туулган, Боз-Бешик айылынын тургуну.
5. Кенжегүл Таштанбекова, 1955-жылы туулган.
6. Элдос Сагынбек уулу, 2004-жылы туулган.
Жабыркагандар:
1. Гүлнур Сырдыбаева, 1969-жылы туулган.
2. Эвгеня Углитский, 1979-жылы туулган.
3. Надира Турдумамбетова, 1987-жылы туулган.
Эске сала кетсек, кечээ, 11-февралда Жети-Өгүз районунда жол кырсыгы катталып, анда Тойота Эстима унаасы жол жээгиндеги бакка урунуп, айдоочу жана 5 жүргүнчү каза болгон. Алардын арасында 10 жаштагы бала да бар. Ошондой эле унаадагы 3 жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.