Бакыт Бакетаев, серепчи: "Кыргыз-кытай чек арасында өлтүрүлгөн 11 адам үчүн 11 кыргыз чек арачысын жок кылуу менен өч алам" дегендерди күч менен токтотуу кыйын"

Бир нече күн мурун “Биз жакында 11 чек арачыны жок кылабыз!” деген кат Vesti.kg сайтынын электрондук почтасына келип түшкөн. Анын кыргыз-кытай чек арасында өлтүрүлгөн 11 жарандын ордуна кыргыз тараптан 11 адамды жок кылабыз (11=11) деген таризде жазылганы белгилүү болгон. 

Күч органдары ал каттын ээси Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун тургуну Илимбек Беков экендигин аныкташкан. Ал ошол районго караштуу Хотан шаарында жашайт. Бул боюнча учурда эч кандай иштер жүрбөгөнүн ИИМдин жана УКМКнын басма сөз кызматтары тастыкташты.

Ал эми серепчи Бакыт Бакетаев: “Кандайдыр бир коркунучтардын учу билиндиби, ага баарыбыз чара көрүшүбүз керек. Эгер кат келсе, аны менен барып сүйлөшүү кажет. Мындайларды күч менен эмес, акыл менен токтотуу маанилүү. Балким, алар бир жерден жаңылып жатышкандыр. Сүйлөшүү жолу менен чечсе болот”,- дейт. 

Эске сала кетсек, 23-январда эртең мененки саат 10дордо Кытай менен чектешкен Ысык-Көл чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги Жети-Өгүз районуна караштуу «Ак-Шыйрак» тилкесинде Кыргызстандын чек ара кызматы менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болгон. 

Айрым маалымат булактары аларды Синьцзян-Уйгур автономдук облусунан келген экстремисттер дешүүдө. Алар облус боюнча аңчылар коомчулугунун башчысы Александр Барыкинди мууздап, анын аңчылык куралын тартып алышкан. 

Кийин окуя болгон жерге келген чек арачыларга ок чыгарышкан. Ошол күнү кечинде кыргыз чек арачылары тарабынан 11 белгисиз адамдын баары жок кылынган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
toobaldaru
2014-02-12 17:33:38
Мындай олкодо ызы-чуу чыгарууну коздоп калп
эле элди коркуткусу келгендер булар Бакиевтер. Эгер сепаратисттер олтургусу келсе же оч алгысы келсе келип эле кол сала бермек да. калп э
ле шоу кылып вестиге кат жазуу бул, Бакиевчилер, АКШ менен биригип, Бизде ызы-чуу чыгараны коздоп жатышат. бирок алардын колдорунан пок да келбейт.
-5
PROS
2014-02-12 17:40:35
toobaldaru, омур бою Бакиевден коркуп жашайт экенсинер да.
+7
faha
2014-02-12 17:46:08
toobaldaru, he heee kyzyk... Jakynda ele biroo aytty ele "kar kochku tushso da Bakievder jonotup atat degen zaman bolup kalyptyr" dep..
+9
infiniti
2014-02-12 18:16:02
toobaldaru,Бакиев менен Мырзакматов тушуно кирип "кыйнап" жатат окшойт э!? Ажообуз алсыз,бийлик менен мыйзам алсыз. Ошон учун ууру-кески,бандиттердин баары каалагандай журушот.
+6
KG_URPAGI
2014-02-12 19:15:35
toobaldaru, Тарыхка саресеп салып корсок, кээ бир учурларда мамлекет ичиндеги сырттан келуучу коркунучтарды, жардырууларды бийлик менен бирге ГКНБ уюштуруп келишкен. Анткени олкодогу абалды тынчтандырууга жана касташкандарды токтотууга элдердин кочого митинг кылып чыгуусуна мамлекеттеги болуп жаткан абал таасир берет. Далил катары Спорт ордосунун жанындагы жардырууну мисал келтирсе болот. Бирок олкодогу абалга 1чи бийлик анан оппазиция да жооптуу. Ал эми Бакиев дегендер абалды тушуно албагандар.
0
aza_74
2014-02-12 17:39:34
кудай сактасын
0
aza_74
2014-02-12 17:57:54
озу чындап ошентип ойлойсунарбы же, эптеп эле Бакиевди жаман корсотуш максатын коздойсунорбу? Чын-чынына келгенде, мойунга алуу керек, жашоо-мурункудан айырмасы жок го, карапайым (бийликтегилерди эске албаганда) эл учун,эгер АША жакшы иштеп аткан болсо, Кыргызстандын карызы мурункудан кобоймок эмес,Бакиевди колдогон адамдар болмок эмес.
+3
aibekkk
2014-02-12 18:13:13
эгер биздин чек арачылар устав астында кызмат кылса 11 чек арачыны олтуруш оной эмес уят бир мамлекеттин армиясы кайдагы бир каттан коркуп олтурса
+5
aza_74
2014-02-12 18:17:22
Азыркы бийлик жаны орногондо, алардан чынында умутум бар эле, ошончолук адам омурлору менен келген бийлик "уятынан да иштешээр"- деп, ойлогом. эмичи? ошондогу берген убадаларычы? азырга чейин бийлик орундарын талашып келишет
+3
Мэри
2014-02-12 18:31:17
"Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" дечү беле. Баарын баштаган алар да, чек араны мыйзамсыз өтүп, жаман ой менен, анан биздин жаранды мыкаачылык менен өлтүрүп... Андай учурда эмне кылуу керек эле? А биздин серепчинин пикири жаккан жок, "огу жок мылтыктан он киши коркот" болуп...
+4
Jamalym
2014-02-12 19:14:55
Бул озубуздун бийликтин саясий "оюну" болуп журбосун.Билбейм,озумон башка эч кимге ишенбей калдым.
0
nsk-mk
2014-02-12 20:25:06
11 комментарий) (коркпогула)
0
Evrazia.
2014-02-12 20:42:38
Озу биздин бийликтегилер ото эле бош. Барып жалынып кечирим сурап келгиле деш керек буларга.
+1
marin
2014-02-13 01:17:55
Ал уйгур хотанда отуруп кат ын бекер эле жонотуптур.колунан бир нерсе келсечи
0
baxa-kaman
2014-02-13 11:25:14
Бул жерде Бакиевдин кандай тиешеси бар? Тоо десен Бээ дегендер кобойду.Теманын мазмунуна карап комментарий жазышса болмок,ал каттын ээси Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун тургуну Илимбек Беков экенин биздин атайын кызматтар аныкташыптыр, барып суйлошуу жолу менен чечсек болот деп айта салбай, каттын ээсин жакшылап изилдеп текшерип корушсо болмок. Чындап эле адам олтурууго жондомдуубу? сеператистер менен байланышы барбы же жокбу дешип, балким каттын ээси жон эле катардагы адамдыр.
0
talant
2014-02-13 11:33:41
Uygurlar kat jazyppy ee? kulkulu , Kytailar uygurlardy syrtkka chygarbait , anan al Hoten degen shaar dinniy idea kuchtvv , separatester kop jer , birok kabatyr bolboiele koigon ong, anytkeni alar Kyrgyzstanga kelgiche 5 jyl ketet,demekchi alardyn Kytaidan chygyshy kyiyn ele ,
0
bazar
2014-02-13 18:27:30
Ичи отvп кетсе да Бакиевтерден коргон пенделер аман эле болушсун... Тангорv-v...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан