Талас шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Жаныбек Исраилов Жаңы жыл майрамына карата жергиликтүү бюджеттен 191 миң сом акча бөлүнгөнүн билдирди. Анын ичинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, ата-энесиз балдарга жана мектепте эң жакшы окуган окуучуларга жардамдар берилмекчи. 26-декабрда Атай Огомбаев атындагы музыкалык окуу жайда боло турган мэрдин жаңы жылдык концертинде ар бир балага баасы 300 сомдук белектер тапшырылат. Ал эми 31-декабрда Талас шаарынын борбордук аянтында спорттук көңүл ачуучу оюндар өтсө, кечки саат 17:00дө жергиликтүү ырчылар элге концерт тартуулашат. Ошондой эле саат 20:30да КРнын Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева жана шаар башчысы Анарбек Кушубеков жалпы Талас элине куттуктоо сөздөрүн айтышмакчы.