22-мартта Германиянын Бонн шаарында КРнын Эмгек сиңирген артисттери Ырыскелди Осмонкулов менен Актан Исабаевдин чыгармачылык кечеси орун алат. Бул тууралуу Ырыскелди Осмонкулов бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, “Nooruz 2014 in Bonn” деген аталыштагы чыгармачылык кечени “Kyrgyz Club Germany” бирикмеси КРнын Германиядагы элчилигинин жана Бонн шаарындагы консулдугунун колдоосу менен уюштуруп жатат. “Чыгармачылык кечеге даярдыкты баштадым. Бардык ырларды жандуу аткарабыз. Чыгымды элчилик көтөрөт экен. Гонорар төлөнүп-төлөнбөсү азырынча белгисиз. Негизи, Берлин шаарында 10 жылдан бери бир тууган эжем жашайт. Ал жакта скрипкада ойноп, бир оркестрдин курамына кирген. Сапар алкагында эжем менен учурашып, апрель айына чейин анын жанында болом. Буюрса, ал дагы концертке келип, мен ырдап жатканда коштоп турат”,- деди ырчы.
Кошумчалай кетсек, концертте Tim Becktur & Friends Jazz Band жаз тобу да ырдайт. Ага Чехия, Бельгия, Голландия, Австрия, Швейцария, Англия, Италия жана Францияда жашаган кыргыздардын келери күтүлүүдө.