Сүлүктү шаарында көмүр шахтасы урап, шаар тургуну каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 12-февралда саат 02:00 чамасында катталган. Анда “Ак-Тилек” ЖЧКна караштуу көмүр шахтасы кулап түшүп, 1984-жылы туулган Болот Орозовду басып калган. Натыйжада ал ошол жерден жан берген.