Ош облусунун Алай районунда суу тоңуп, турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 11-февралда Нура айылындагы каналдын суусу тоңуп, ашып түшкөн. Анын натыйжасында суу 1 турак үйдү толук каптап, дагы 3 үйдү суу каптоо коркунучу пайда болгон. Өзгөчө кырдаалдын кесепетин өз учурунда жоюу максатында 1 самосвал тартылып, 12-февралда саат 05:00дө Нура айылына жөнөтүлдү.