Алжирдин
Коргоо министрлигинин 12-февралда берген маалыматына ылайык, кыйраган учактагы 78 адамдын 77си мерт болгон. Алардын сөөгү
табылган. Ал эми тирүү калган аскер кызматкери Константина шаарындагы бейтапканада оор
абалда жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда чет
элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алгачкы маалыматтарда “кыйроого учураган C-130 Hercules учагынын бортундагы 103 адамдын баары каза
болду” деп айтылган. Таманрассет шаарынан учуп чыгып, Ум-эль-Буахи тоосуна кулап
түшкөн.
Кырсыктын себептери жөнүндө так маалымат жок. Бирок "аба ырайынын
начардыгынан келип чыкты" деген божомолдор айтылууда. Ошол күнү катуу шамал
жүрүп, кар жаап жаткан.
Кырсыкка байланыштуу бийлик 3 күндүк аза күтүү күнүн жарыялады.