Баткен районунун 80 жылдыгына карата айыл аймактарын көрктөндүрүү иштери башталды

Быйыл Баткен районунун түзүлгөнүнө 80 жыл болгонуна байланыштуу бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мааракени өткөрүүгө даярдыктар кызуу жүрүүдө. Бул багытта кабыл алынган токтомдун алкагында айыл аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, тазалоо иштери башталды. 

Баткендин 80 жылдыгына карата спорттук мелдеш, марафон өткөрүлөт. Марафондон түшкөн акча каражаттары райондун инфраструктурасын ар тараптуу өнүктүрүүгө жумшалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан