Боомдогу кылмышка шектүүлөр жана аларга жардам берген адам Жаңы жыл астында жеке ишкердин уулун курал менен коркутуп тоноп кетишкен

“Боом капчыгайында милиция кызматкерлерине ок чыгаргандарга көмөк көрсөткөн” деген шек менен 43 жаштагы Рустам Бурканов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин башчысынын орун басары Айбек Жайлообеков билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылдын 31-декабрында Боомдогу кылмышка шектүүлөр жана аларга жардам берген Рустам Бурканов Бишкекте жеке ишкердин батирине кирип, үйдө отурган 10 жаштагы баланы курал менен коркутуп, 50 миң АКШ долларын уурдап чыгышкан.

“2014-жылдын 6-февралында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан Учкун жаңы конушунда жашаган Рустам Бурканов кармалган. Анын жанынан кара түстүү кол кап, бет кап, баштык, тапанча жана милициянын старшинасынын погондору табылган. Үйүндө көптөгөн сим-карталар, паспорттор, жасалма сакал, мылтык жана анын октору болгон. 1971-жылкы Рустам Бурканов Боомдогу кылмышка шектүүлөр Заур Магомедов жана Бердимурат Арчаевге жардам берип келгенин мойнуна алды”,- деди Айбек Жайлообеков.

Эскерте кетсек, 9-февралда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. 10-февралда саат 18:00 чамасында алар Токтогул шаарынан чыга бериш жердеги “Бабур” кафесинин жанында өлтүрүлгөн.

Милиция кызматкерине ок чыгарган кылмышка шектүүлөр жок кылынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
ayaza
2014-02-12 17:48:07
Муну дагы атып салгыла.Биздин олкого мындай преступниктердин кереги жок,"Кыргызстанда жыргал экен,Эч ким эч нерсе дебейт экен"деп жайланышып алгандарын.
+2
infiniti
2014-02-12 17:49:45
Мындайларга олум!
+1
TUMAN1
2014-02-12 18:22:16
А эмнеге койберип жиберишкен биринчи кармалганда?
0
mers19
2014-02-12 18:24:39
Жон эле олгондорго шылтап койгон жокпу. Дагы бар болуш керек
-1
Wolf_ero
2014-02-12 18:28:54
Бир окуяга себеп кылып атып салыш керек,эми жакшы адам чыкпайт мындан.
+2
Lumia-800
2014-02-12 18:57:28
Арам тамактар!
+2
KG_URPAGI
2014-02-12 18:58:54
Мени тан калтырганы эмне учун ото чон кылмыш кылган кишини 1-чи жолу кармалган сон, бошотуп жиберген. Ар бир жазасыз калган кылмыш дагы жаны кылмышты чакырат, ал эми кылмышкерлерге комок коргозгон дагы башка кылмышкерлер бар, алар медиктер, милициялар буларга да созсуз жаза колдонуу керек. Коомдук эрежени жана зоконду бузган кишилердин баары кылмышкер, аларды жоопко тартмайын коом алга жылбайт. Бийликтин кайдыгерлиги криминал менен чырмашып калгандыгы чындык. Бардык кылмышкерлерди бошоттунар!
+2
dikeii
2014-02-12 19:01:12
суранычтар боюунча. муну деле атып салгыла. бул деле коп кылмыштарга барган экенго. мындай акмактарга олум.
+1
Jamalym
2014-02-12 19:10:21
Дагы изилдеш керек биз билбеген канча шериктештери бардыр.Акмак оз элине каршы туруп кавказдыктарга жардам бергенин мунун.
+2
vanga_78
2014-02-12 19:13:52
Калп эле качырымыш болуп,атып салыш керек. Турсунбек акунга окшогондор келип гав-гав десе, качууга аракет кылды, анан айла жок ок жанылды деш керек.
+2
Kubanychbekkagan
2014-02-12 20:11:12
куралдуу кол салуу болду демиш болуп мындайларды атып эле салыш керек болуп калды. Антпесе биздин мыйзамдар өтө эле гумандуу болгондуктан арам ойлуулардын арты ууру алды бийликти басып алууга чейин барууда. Баарын чекесинен тазалаш керек! Азаматсыңар биздин милиционерлер! Изин суутпай кармап, таза иштесеңер эле элдин алкоосуна арзыйсыңар! Ишенимди кайтарасыңар.
+1
010288
2014-02-12 21:42:17
батыш киносунун таасири
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан