Өткөн суткада катталган Чүй облусундагы өрт кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Кечээ, 18-декабрда саат күндүзгү 10дор чамасында Ысык-Ата районундагы Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону 1 сааттын ичинде өчүрүшүп, үйдүн ичинен 56 жана 53 жаштагы 2 адамдын жансыз денесин табышкан. Өрттүн келип чыгышынын себеби электр приборлорунун туура эмес туташкандыгы менен түшүндүрүлүүдө. Кошумчалай кетсек, өткөн суткада өлкө боюнча 25 өрт кырсыгы катталды. Алардын 14ү Бишкекте, Чүй облусунда - 9, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында 1ден.