Кечээ, 12-февралда “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында командалык эсепте орун алмашуулар болду. Бул күнү эсебине 2 алтын, 1 коло медаль жаза алган Германия курама командасы алдыга чыкты.
Оюндардын расмий сайтында кабарлангандай, германиялык спортчулар чана спортунда 2 алтын жана муз үстүндө бийлөөдө коло медалга ээ болушту. 2-орунда келаткан Канада 12-февралда 1 гана коло медалга ээ болуп, медалдарынын санын 10го жеткирди.
Ал эми мелдешти өз үйүндө кабыл алып жаткан Орусия курама командасынын спортчулары муз үстүндө бийлөөдө 1 алтын (Татьяна Волосожар жана Максим Траньков жуптугу), 1 күмүш медаль (Федор Климов жана Ксения Столбова жуптугу) утушту.
Командалык эсеп:
1. Германия – 8 медаль (6 алтын, 1 күмүш, 1 коло)
2. Канада – 10 медаль (4 алтын, 4 күмүш, 2 коло)
3. Норвегия – 12 медаль (4 алтын, 3 күмүш, 5 коло)
4. Голландия – 10 медаль (4 алтын, 2 күмүш, 4 коло)
5. АКШ – 9 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 5 коло)
6. Швейцария – 4 медаль (3 алтын, 1 коло)
7. Орусия – 9 медаль (2 алтын, 4 күмүш, 3 коло)