5 жашар кыз диабеттик комага түшүп калган атасына ийне сайып, өлүмдөн куткарып калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 5 жашар кыз эс-учун жоготуп жаткан атасын көрүп, кандагы канттын деңгээлин жогорулатуучу дары сайган. 47 жаштагы Барри Баркесс акыркы 33 жылдан бери ооруп келет.
Бул жолу ал эсин түн ортосунда жоготкон. Ошол учурда кызы ойгонуп, жанынан атасын таппаган соң издеп жөнөгөн. Аны диванда эс-учун жоготкон абалда көрүп, ишке өткөн. “Кызымдын мени ойготууга тырышканы элес-булас көз алдыма тартылат. Оорум кармап калган маалда дары жайгашкан ашканага жетүү кыйын болду. Кызым Холли эмне кылыш керектигин билип, мени өлүмдөн куткарып калды”,- дейт бактылуу ата.
Баркесс акыркы 2 жылдан бери жубайы жана кызынан бөлөк жашайт. Бактыга жараша, ошол күнү кызы анын жанында болчу. Ата-энелери аны кантип дарылоо керектигин үйрөтүшкөндүктөн, атасын оңой гана эсине келтирген. Баркесстин айтымында, кызы буга чейин ийне кармап көрбөгөнүнө карабай, атасына ийгиликтүү жардам берип, анан апасына телефон чалган.