Тоң районунда 300 түк чөп, 2 тонна чөп жана 2 тонна саман күйүп кетти. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 13-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кечээ, 12-февралда саат 19:40 чамасында катталган. Өрттүн келип чыгуусуна 7 жаштагы үй ээсинин баласы себеп болгон. Ал чөптүн жанында от менен ойногон.