14-Февраль - Махабат күнүнө карата уюшулган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

14-Февраль - Махабат күнүнө карата уюшулган сынактын финалдык баскычы орун алып, шам алдында романтикалык кеч өткөрүүчү түгөйлөр аныкталды. 

SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча 88 жаштагы Дүйшеке Абышов менен 85 жаштагы байбичеси Какен Абышовалардын сүрөтү менен сүйүү баяны алдыга озуп чыкты. Тилекке каршы, Ысык-Көл облусунун Кашат айылында турушкан карылар кеңсебизге келе алышкан жок. 

Сынактын шарты боюнча, сурамжылоодо 21 катышуучунун ичинен алдынкы орунду ээлеген 3 түгөй жеңиш үчүн күрөшүштү. Алар бири-бирине болгон сезимдерин көрсөтүшүп, чыныгы таттуу түгөйлөр экенин далилдөөгө аракет кылышты. Студиябызда уюшулган чакан сынакта жеңүүчү аныкталып, катышуучуларга майрамдык белектер тапшырылды. Жеңүүчү деп табылган Улан менен келинчеги Динара шам алдында романтикалуу кеч өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. 

Кошумчалай кетсек, түгөйлөрдүн ысымдары сурамжылоого 7-февралда коюлган. Мыкты сөздөр менен сүйүүсүн кагаз бетинде баяндап, оригиналдуу сүрөткө түшүп, бизге жолдогондордун саны 21ди түзгөн. Сурамжылоо 12-февралда саат 17:00дө токтотулуп, алдынкы 4 түгөй финалга жолдомо алган. 

Сынакка катышкан таттуу түгөйлөрдүн жеңүүчүсү аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Dasmond
2014-02-15 00:42:12
Сонун болуптyр го ээ?
+2
just-mars
2014-02-15 01:42:33
Тиги абышка кемпир дагы форумчуларбы же...
0
kyrgyz.90
2014-02-15 02:20:05
Валентина кто для вас? Братья мусульмане это не наш праздник
+2
Ulik82
2014-02-15 03:12:58
дагы бир жолу ынандым туугойлор бири бирине окшош болушат дегенине.)))
+1
Nelli85
2014-02-15 03:26:33
Алмаз менен Элмира жакты
+2
aikow92
2014-02-15 09:58:31
Nelli85, Экоо тен бири биринен суроп, сыйлап тургандай. экоо тен сулуу. романтик тугойлор экен. Кудаай кошкон жуптар дешет беле иши кыса сонун.
+1
uluk1982
2014-02-15 08:42:43
Кудайдан корккула!
0
aikow92
2014-02-15 09:55:50
Мага жакты. :) коруп озучоле сурдойм. мен катышып жаткансып))) Ооааа бул биздин майрам эмес деп чыгасынар. мен учун кундо махабат майрамы. кун сайын журогумдо суйуу жашайт. жылмайып алам. 14 февраль деле ашыкча кылбайт. 365 кундун ичинен 14 деле майрамдап кое берем
+2
aikow92
2014-02-15 10:00:16
Улан менен Динара эрки кучтуу адамдардай корунду. Улан ырдап жатканда суйундум сонун ыркен. "балдарымдын апасы" иий сонун иши кыса. Супер!!!
+2
lusi2013
2014-02-15 10:06:38
Улан менен Динара атту тугойлор жакты мага да,динара токтоо айым окшойт
+2
KGZmilich
2014-02-15 10:20:40
мага эч ким жакпайт,зачем биронун девушкасына коз артып
+1
nurali20
2014-02-15 10:53:21
Баракелде озум утуп алгансып толкундандым да.Улан мырзы менен Динара айым чындыгында татыктуу экен.Улан салабаттуу,орундуу суйлоп жубайы болсо кичипейил,жузунон жылмайуу кетпеген адам экен.Супер инфо силер 10жылдык стажы бар уй-булоонун бири-бирине болгон сезимдерин жанырттынар(освежили).
+2
dinka
2014-02-15 13:29:52
nurali20, Рахмаааат сизге...Чындыгында ошондой эле болду окшойт)))Улан жана Динара уй булоосу)))
0
dinka
2014-02-15 13:41:26
Супер инфо гезитинин кабарчыларына, дегеле баардык кадр артында эмгектенген жалпы жааматына ыраазылык билдиребиз.Соонун болду баары.Биз ойлогондон да жогорку денгээлде болду окшойт.Позитивдуу эмоцияларга бай кун откордук силер менен биргеликте.Ушул кун эн бир унутулгус кундордун бири болмокчу. Ушундай бир сооооонун унутулгус коз ирмемдерди тартуулай алдынар, урматтуу "Супер Инфо"редакиясы.Биздин сезимдерди жаныртып, алоолонтуп дагы дагы кучоттунуздор.Ар дайым бар болунуздар!!!!Улан+Динара))))
+1
LISICHKA
2014-02-15 15:46:07
Тизелерине коюп жазып жатышканын карабайсынарбы.Алдыларына бирден кичинекей тумбочка коюп койсо болбойбу?Канча миндеген адамдар корду,кырг-дын цивилизациясы дешет да.
+1
admin_superstan
2014-02-17 11:22:06
ruslan_92kg, sanzhar83,
Саламатсыздарбы!
Адистер текшерип көрүштү. Баары жайында экен. Балким катачылык сиздер тараптан кетип жаткандыр. Же болбосо интернетиңердин ылдамдыгы жай болгон учурда да ушундай көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн. Дагы бир ирет аракет кылып көрсөңөр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан