Айыл чарба министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы бүгүн, 13-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган С.Ж. Суу чарба департаментинин алдындагы Сокулук мелиоративдик-гидрогеологиялык отрядынын жетекчиси болгон. Ал жасалма көлмөнү курууга оң корутунду чыгарып берүү үчүн 1000 АКШ долларын сурап, анын 100 доллар 17 миң сомун алып жаткан жеринен кармалды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “опузалап пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.