Баткен облусунда медико-социалдык эксперттик мекемелер аралык комиссиянын жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 13-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жетекчи жергиликтүү тургундан анын майыптуулугу боюнча пенсиясын узартуу үчүн акча талап кылган. Ал 16 500 сом алып жатканда кармалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.