Бишкекте милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Кечээ кечки саат 19:30дарда К.Маркс-Донецский көчөлөрүнүн кесилишинде 17-20 жаштардагы 3 жигит мас абалында милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, биринин погонун жулуп алышкан. Алардын бири сөгүнүп, жогорку кызматтагы тааныштарына билдирем деп коркутуп, мушташууга чейин барган. Аталган кылмышка тиешеси бар деп 1995-жылы туулган С.Н. жана 1992-жылы туулган С.Э. кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.