Америкадагы музейде 8 автоунаа жер астына түшүп кетти

Кентуккидеги "Корвет" улуттук музейинде көргөзмөгө коюлган 8 автоунаа жер алдына түшүп кетти. Маалыматка ылайык, музейде тереңдиги 9 метр, диаметри 12 метрге жеткен чуңкур пайда болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
Окуя 12-февраль күнү эртең менен катталган. Америкадагы классикалык унаалар коюлган музей ошол учурда жабык болгон жана кызматкерлер да имаратта болушкан эмес. 6 автоунаа музейге таандык, экөө General Motors`ко тиешелүү экени аныкталган. 
Мекеменин жетекчилиги чыгымдарды эсептөө жана аталган райондогу жер кыртышынын бекемдигин текшерүү максатында атайын эксперттерди чакырышкан. 
"Корвет" музейи Боулинг-Грин шаарында жайгашкан жана ага жыл сайын 150 миңден ашуун адам келип турат. Андан алыс эмес жерде Chevrolet Corvette үлгүсүндөгү спорттук унаалар чыгарылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
asiret
2014-02-13 13:56:39
шумдук го
0
nur.ai
2014-02-13 14:13:58
Тан калычтуу....
0
dojdik
2014-02-13 14:24:58
Булар учун эчнерсе эмес
0
PROS
2014-02-13 15:05:54
"Жер жутат" деген ушу да.
+1
munar85
2014-02-13 15:56:32
Бул да болсо АЛЛАХтын берген эскертуусуда
+4
tumarchik
2014-02-13 16:36:56
Астында мурда индеестердин ункуру (жашган жери) болсо керек эледа
0
tumarchik
2014-02-13 16:39:54
Бизде площадта ар дайым митингдер болгондо жер жарылып ошолор тушуп кетсе эле деп элестетет элем ушундай дыраны особенно 2006 жылкы митингде
ошол кездеги опозицияга жиним келчу.
+1
koroleva1981
2014-02-13 20:23:37
Москвадагыдай шаардын астын коп тешсе керек да!
0
algajawoo
2014-02-13 23:43:44
Жакшы болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан