Ош шаарында 23 жаштагы жигит Москвадан келген карындашын аэропорттон тосуп алуу үчүн Тико үлгүсүндөгү унааны айдап качып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ош шаары жана Ош ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, унаа Кулатов атындагы кичи районунда уурдалган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору аны байкап, артынан түшүшкөн. Кылмышка шектүү алардан качып, көп кабаттуу үйлөр бар жакка унааны таштап, жашынууга аракет кылганда Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.
Кылмышка шектүү “Москвадан келген карындашымды аэропорттон тосуп алуу максатында унааны айдап кеттим” деп күнөөнү моюнга алды.