76 жаштагы пенсионерди тоноп, акчасын алып кеткен кылмышка шектүү кармалды

Жайыл районунун 76 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда аны тоноп, сумкасындагы 21250 сомун белгисиз бирөө алып кеткени айтылган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында кылмышка шектүү кармалган. Ал 32 жаштагы аталган райондун тургуну болгон. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-февралда билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
infiniti
2014-02-13 17:54:25
Уру,бандиттердин заманы окшойт го. Кайда барба,тономой,олтурмой,зордомой ж.б.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан