14-15-февраль күндөрү Бишкекте кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эки күнгө созула турган мелдеш Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт. Анда 9 салмак категориясында Кыргызстандын чемпиондору аныкталат.