Депутаттар "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси учурда Москвада жүргөнүн сынга алды

ЖКнын 19-декабрдагы жыйынында депутаттар "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин эмне себептен жыйынга келбегенин сурашты. Жантөрө Сатыбалдиев анын газ маселесин чечүү үчүн Москвада иш сапары менен жүргөнүн айтты. Ал эми депутат Максат Сабиров "менин маалыматым боюнча, Тургунбек Кулмурзаев учурда президент менен ЖККУнун жыйынына катышып жүрүптүр. Кыргызстанда газ боюнча оор абал жаралып турган маалда анын Москвада жүрүшү туура эмес" деди. Буга Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов анын президент менен бир учакта учканын, бирок газ маселеси боюнча сүйлөшүүгө кеткенин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан