Австралияда атасы уулун крикет абалагы менен сабап, баласы көз жумду

Австралиянын жашоочусу 11 жаштагы уулу Люк Бэттини көпчүлүктүн көзүнчө крикет абалагы менен сабап салган. Натыйжада баласы ошол жерден жан берген. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Окуя Мельбурн шаарындагы Бэтти машыккан крикет оюн клубдарынын биринде болгон. 

Күбө болгондордун айтымында, 54 жаштагы атасы машыгуудан кийин уулу менен сүйлөшүү үчүн аялынан уруксат алган. Клубдан баласын таап, токмоктоп кирген. Катуу сабалган бала атасынын колунан каза тапкан. Полиция кызматкерлери келип, аны менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан. Бирок ал бычак менен коркутуп кирген. Укук коргоочулар газ баллонду колдонгонунан натыйжа чыккан эмес. 

Полиция кызматкерине чабуул жасаганда, ага карата ок чыгарууга туура келген. Ал көкүрөгүнө алган жаракатынан улам ооруканада көз жумган. Атасынын бул кадамга барганынын себептери белгисиз бойдон калган. Ал эми апасы күйөөсү психикалык жактан оорукчан болгонун билдирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AZIK01
2014-02-13 21:04:46
11жаштагы баласын клубтан тапкан дейби? Кимисине боорун оорусунда билбейсин.
+1
nurbek_posol
2014-02-13 21:31:32
AZIK01, Клуб дегени ал Крикет менен машыктыруучу спорт клуб жонундо соз болуп жатат.
+1
admin_superstan
2014-02-14 09:45:47
Каталар оңдолду. Рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан