Орусияда табылган кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Орусиянын Ленинград облусунда "дайынсыз жоголду" деп катталган эки кыргызстандыктын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу кечээ, 13-февралда КРнын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, 33 жана 28 жаштагы Кыргызстандын жарандары Сяглицы айылында күзөтчү кызматында иштеп келишкен. Алар 2013-жылдын октябрь айында жумуштан чыгып, дайынсыз жоголушкан.

“Алар мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда алардын жансыз денелерин Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө”,- деп кабарлады КРнын Орусиядагы элчилиги.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
jasi
2014-02-14 10:22:04
Акырети абад болсун! Байкуштар, чет жерде жургон мекендештер, озунорду абайлагылачы
0
muha.kg.kg
2014-02-14 10:22:09
Чет жерде жургон кыргыз жердештерими аллахым колдоп тууган урук бала чакаларына аман эсен жетишсе экен.Баарыбызды аллахым колдосун
-1
muha.kg.kg
2014-02-14 10:24:03
Экоо тен жаш жигиттер экен туугандарына сабыр берсин
-1
Elnuram090
2014-02-14 10:44:22
кудайым озу жазаласын мыкаачы адамдарды!созсуз жазасын алышат эки дуйнодо тен!
+1
ZULUNOV
2014-02-14 10:44:48
жаткан жери жайлуу болсун.
-1
Light
2014-02-14 11:08:34
биринин артынан бири олуп келип жатат, кана Кыргыз эли бир жолу орустарга нота жиберип койгонго жарабайт!
+4
Alai_kyzy
2014-02-14 11:10:13
Чет жерде ар турдуу жагдайда олтурулуп жатышат мекендештерибиз. Абай болгулачы. Жумуштан уйго келгенден кийин эч жакка барбай эле койгулачы. Азыр адамдын олуму иттикиндей эле болуп калды. Адамдын куну жок болуп калды.
0
Mirlan5
2014-02-14 12:31:23
Жаткан жери жайлуу болсун. Орусияда жургон элчилер олтуруп кетиптир деп отура бербей таптыргыла ким олтурсо.Оз жазаларын алышсын. Эки азаматыбыздан айрылып отурабыз аягына чыккыла.КЫРГЫЗСТАНДА 1орусту олтурбой эле уруп койчу элчилери соттотуп жиберет.
0
Somalimogadishu
2014-02-14 12:51:42
бироосу биздин айылдан(((((
жоголгонуна 3-айдай болуп калды эле.
кече жердештер менен суйлоштук канчадан болсода акча чогултуп буйурса соогун жонотобуз детабыз.
0
aza150691
2014-02-14 13:35:38
Жаман иш болуптур жакындарына сабыр айтабыз жэрдештерибиз аман журолучу кыргыздарды коро албаган орустар коп экен кече мен да жолуккам нацист жигиттерине, 1990 - жылдагы согушту мисал кылышып тийишип корушту
0
infiniti
2014-02-14 17:29:35
Жандары жаннаттан жай алсын:(
0
kombat
2014-02-14 18:29:20
Жаман иш! Акча табуунун аракети ушуга алып келдида.Уй булоосуно куч кубат берсин алла таала!Кайгырууну тен болушобуз!
0
arisbekov
2014-02-14 18:43:57
Жаткан жери жайлуу болсун
0
nurik9090
2014-02-14 20:39:07
жаткан жери жайлуу болсун тынч бололу жердештер.
0
zenit28.
2014-02-14 22:00:34
Аллах буларга жаннаттан орун берсин уй булоолоруно сабырдуулук, калгандарыбыз тынч бололу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан