Индонезиядагы жанар тоонун атылышынан улам 200 миң жашоочу башка жакка көчүрүлүүдө

Индонезия бийлиги Келуд вулканынан коркунуч туулган Ява аралынын 200 миң жашоочусун башка жакка көчүрүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу 13-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Жалпысынан жанар тоодон 10 чакырым аралыкта жайгашкан 36 кыштактын тургундарын эвакуациялоо пландалууда. Жанар тоо атылып, таштар 15 чакырым алыстыкка чачыраган. Түтүндөн үч эл аралык аэропорт жабылган. Жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.

Келуд вулканы акыркы жолу 1990-жылы атылып, 30 адам набыт болгон. 1919-жылдагы атылышынан 5160 адам каза тапса, 1568-жылы 10 миңге жакын тургун көз жумган.

Келуддун бийиктиги 1731 метрди түзөт. Индонезиядагы активдүү жанар тоолордун бири болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан