КРнын Премьер-министри: "Кыштын суук болорун билген эмеспиз"

ЖКда учурдагы Кыргызстандагы энергетика көйгөйлөрү талкууланып жатат. Жыйынга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, бир катар министрлер жана Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов катышууда. Жыйын жүрүшүндө депутаттар премьер-министрге "жаңы шайланып жатканда "быйыл кышында эч кандай свет, газды өчүрүүлөр болбойт" дедиңиз эле, өчүп жатпайбы?" деген суроо узатышты. Жантөрө мырза "биз кыштын кескин суук болуп кетишин билген эмеспиз. Сууктун айынан мешке көмүр жагууга мүмкүнчүлүгү бар үйлөр да электр мештерин пайдаланып жатканы өкүнүчтүү. Анын айынан электр көмөк чордондоруна күч келип жатат" деп жооп берди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан