Казакстан өзүнүн резервинен Кыргызстанга 20 миң метр куб газ бөлүп берет. Мындай маалыматты бүгүн, 19-декабрда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев ЖКнын кезектеги пленардык жыйынында билдирди. "Премьер-министр Казакстан менен газ маселесин сүйлөшүп, бүгүнтөн баштап газ жетиштүү өлчөмдө бериле баштады. Эми Казакстан өзүнүн резервинен Кыргызстанга 20 миң метр куб газ бөлүп берет" деди Тайырбек Сарпашев.