Токмок аймактык
ооруканасынын жетекчилиги мамлекеттик казынага зыян келтиргени аныкталды. Бул
тууралуу бүгүн, 14-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз
кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмок аймактык ооруканасында жүргүзүлгөн
тендердин мыйзамдуулугу текшерилген.
Анда 2011-жылы ноябрь айында мамлекеттик
сатып алууларда мыйзам бузуу менен медициналык жабдыктарды алып келүү боюнча тендер
өткөрүлгөн.
Андан утуп чыккан “А” фирмасы ашыкча чыгым сарптап, республикалык
бюджетке 2,5 миллион сом зыян келтирген.
Аталган факты боюнча Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши
козголду.