Орусиянын Кемеров облусунда эки кыргызстандык жаран 92,5 килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Орусиянын жергиликтүү ММКларынан маалым болду. Маалыматка ылайык, Кузбасста кармалган жүк ташуучу унаада пияз жүктөлүп, анын астында баңгизат болгон. Кармалган жүк ташуучу унаанын айдоочусу жана анын ичиндеги жүктүн ээси 1978-жылы жана 1984-жылы туулган
кыргызстандык жарандар экени аныкталган. Алардын үйүн тинтүүдө 9 килограмм, ал эми унаадан 83,5 килограмм баңгизат табылган.