Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Москвада өтүүчү эл аралык теннис мелдешине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 17-23-февраль аралыгында Москвада өтө турган мелдешке 12 мамлекеттен 45 теннисчи катышат. Анда Кыргызстандын желеги астында кортко Ксения Палкина чыгат.