Өткөн суткада Бишкек шаарында сууктан тоңуп 1 адам каза болду. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматынан билдиришти. Ошондой эле "Тез жардам" кызматына жалпысынан Бишкек шаары боюнча 524 чакыруу түшкөнүн маалымдашты. Чакыруулардын ичинен 107 адам ооруканага жаткызылды.