Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнө караштуу Материалдык баалуулуктарды сактоо кызматынын жетекчисинин эмгек акысы мыйзамсыз жогорулатылган. Аталган факты боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине ылайык кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 14-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жетекчиге 2009-жылдан 2013-жылдын декабрь айына чейин эмгек акысына кызматтык чини үчүн 1000 сом кошулуп төлөнүп келген. Бирок мамлекеттик кызматтардын реестрине ылайык, аталган тармактагы кызматкерлерге класстык чиндер берилбейт. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.