“Медакадемиянын деканатында иштейм” деп Бишкек шаарынын тургунун алдап, 21 миң сом акчасын алган аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, жогорудагы кылмышка шектелип Бишкек шаарындагы Ак-Жар жаңы конушунун Б.Жазгүл аттуу тургуну кармалган. Ал жабырлануучудан “окууңду бүтүрүп берем” деп акчасын алганы аныкталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.