Бишкек шаарындагы мас айдоочунун айынан кичи автобус жол кырсыгына кабылып, 4 жүргүнчү жабыркады

Бишкек шаарындагы мас айдоочунун айынан кичи автобус жол кырсыгына кабылып, 4 жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 13-февралда саат 19:30 чамасында катталган. Анда №262-маршруттук каттамдагы 23 жаштагы Азаматтын башкаруусундагы Мерседес Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус 40 жаштагы Таланттын башкаруусундагы Мерседес 220 унаасы менен сүзүшкөн. Анын натыйжасында кичи автобустун айдоочусу жана 3 жүргүнчү жабыркап ооруканага жеткирилген. Ал эми 40 жаштагы айдоочу мас абалында болгон.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
infiniti
2014-02-14 18:45:34
Ушуга окшогон мас айдоочуларды тыйыш керек. Он рульдуу автолорго асыла бербей.
0
misha00
2014-02-14 18:45:48
маскаго айла жок бирок маршрутка айдагандар мастан бешбетер айдайт экен бишкекте маршрутка менен жонокой машине сузушсо маршрутка куноолуу деп эсептей бериш керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан