Кытайдын чыгышында үлпөт той өтүп жаткан имарат урап, кеминде 7 адам каза тапты. Бул тууралуу 13-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Окуя Чжэцзян провинциясынын Цзиньхуа аймагында болгон. Кырсыктан 90го жакын адам жаракат алса, анын 10у бейтапканада оор абалда жатышат.
Мындан сырткары жергиликтүү маалымат каражаттарында тойдо жалпысынан 200дөй конок болгону айтылууда. Кыйроонун себептери боюнча расмий маалымат таратыла элек. Аймактын жашоочуларынын айтымында, имараттын урашы чатырда топтолуп калган кардан улам келип чыккан.