Депутаттар "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин жоопкерчилигин кароо сунушун Башкы прокуратурага жөнөтүүнү талкуулашууда

"Жогорку Кеңештин атынан Башкы прокуратурага "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин жоопкерчилигин кароо боюнча сунуш жөнөтүш керек". Бул демилгени депутат Ирина Карамушкина көтөрдү. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда газдын улам өчүп жатканына "Кыргызгаздын" жетекчиси жооп бериши керек. ЖКнын жыйынында суроо-жооп менен маселе чечилбейт. Депутаттын бул сунушун Анвар Артыков "дежурный сунуш" деп атап, төрагадан бул сунушту добушка койбоону талап кылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан