Кытайда камакка алынган кыргыз жарандарына ТИМ тарабынан жылуу кийимдер берилди

Кытайда камакка алынган кыргыз жарандарына Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жылуу кийимдер берилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 13-14-декабрь күнү ТИМдин виза пунктунун жетекчиси А.Эркебаев Үрүмчү шаарындагы түрмөлөргө камакка алынган 15 кыргыз жараны менен жолугуп, алардын абалы менен таанышып, жылуу кийимдерди тапшырып келди. Жолугушууда кармалган кыргыз жарандары негизинен наркобизнес жана контрабанда менен алектенгенден улам соттолушканы маалым болду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан