Бүгүн, 15-февралда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоунун” Кышкы фестивалы жыйынтыкталды. Фестивалга 22 команда катышып, кыска жана толук форматта оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында “Мыкты команда” жана “Мыкты оюнчу” наамдары боюнча жеңүүчүлөр аныкталышты.
Калыстардын чечими менен "No name" курама командасы “Мыкты команда” деп табылса, “Ассорти” жана “Олимпик” командалары "Мыкты тамаша" наамдарына татышты. Ошондой эле “Мыкты оюнчу” наамы боюнча да 2 оюнчу табылып, Перизат (“Мисс шоу” командасы) жана Тыкы ("Кыргыз двор") сыйлык ээлери болушту.