Бүгүн, 16-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоунун” Кышкы фестивалынын экинчи күнү старт алды. Оюнду адаттагыдай Эрмек Нурбаев ачып берди. Куйкум тамашаларга баа берген калыстар тобнунун мүчөлөрү: Рысбек Жабиров, Замира Молдошева, Нурлан Алишеров (Ташчайнар), Руслан Акун, Бактыгүл Сокушова, Жоомарт Жолдошев жана Азамат Байматов.
Кышкы фестивалдын экинчи күнүндө "Позитифф", "Политех , "Евраш", "Нур", "Тамашарики", "Элестет", "NutsТан", "НКБ", “КЭУ”, “Анара эмес”, "Рота", “БГУ” жана башка командалар катышат.
Оюн кыска жана толук форматта өтөрү белгилүү болду. Кыска форматтагы курама командалар алгачкы жолу чыгып жатышат.