“Weekand” курама командасы: Кыргызстан Бажы союзуна кирсе “Дордойдо” абал кандай болот? - Оптом контейнер сатылат, оптом сатылат...
“Асылкечи” курама командасы:
- Менин жигитим Ч.Айтматовдун чыгармасындагы каарманга окшош. Анткени ал аскерден качкан.
- Мен да жигитимди Ч.Айтматовдун “Делбирим” чыгармасынан деп келем, ал ЗиЛ айдайт.
- Менин жигитимдин аты - Кылыч. Аны Т.Касымбековдун “Сынган кылычына” окшоштурам. Андан акча "сындырса" болот.
“Тентектер” курама командасы:
"Аганы көрүп ини өсөт" дегендей, үйдө болгон окуя.
Күзгүнүн астында турган агасына иниси келип:
- Байке, баары нормальный элеби? Жеңем жакшыбы?
- Ооба, эмне болду? Бар, оюнуңду ойной бер,- деп чыгып кетет. Анда иниси:
- Алло, жаным, келе берсең болот. Квартира бош.