Бүгүн, 16-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоунун” Кышкы фестивалынын экинчи күнү өтүүдө.
“Универсал” курама командасы
толук форматта катышып жатат. Алар бул жолу эч кимдин жардамына муктаж эмес экенин
устаттарына далилдөөнү чечишкенин билдиришти.
“No name” курама командасынын
оюнчулары шакирттерине “сабак” өтүп, түз жолго салып коюшту. Куйкум тамашалары
менен эсте калган Икрам да образын шакиртине өткөрүп берди. Бирок “Универсалдын”
балдарына Икрамдын тандоосу анчейин жакпады көрүнөт. “Сен мага окшош экенсиң,
демек, мындан ары дайыма мени туурап, мага окшоп жүрөсүң. Бул муундан-муунга
өтүшү керек. Мага Эрнест Абдыжапаровдон өткөн, мен сага өткөрөм” деген Икрамга шакирти чачы окшош эместигин айтып, кутулуунун жолун таап алды. Икрам “Эч
нерсе эмес, үйлөнгөндө чачың да түшүп калат. Сен корко бербе, мен сен үчүн туруп
берем. Ээ, жок, жаман ойлобо, мен башкача туруп берем” деп шакиртин ынандырды.
“Тамашарики”
курама командасы адаттагыдай эле балдардын укугун коргоп чыгышты:
“Ата-энелер балдарына “кошунанын баласы
скрипкада ойнойт, пианинодо ойнойт” эле дей беришет. Биз аларга “анын атасы
министр, мунун апасы депутат” дебейбиз го.
Мен чоңдорду
түшүнбөйм. Кино көрөйүн десем кичинесиң дешет, мусор төгүүгө келгенде чоңсуң дешет”.