Бүгүн, 16-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоунун” Кышкы фестивалынын экинчи күнү жыйынтыкталды.
Анда “Мыкты оюнчу” наамын Мотуевдин образын ачкан “Евраш” курaма командасынын оюнчусу Данияр алса, “Эң мыкты тамаша” наамын “Анна Семенович Кыргызстанга келгенде” тамашасын аткарган “Нацстан” курама командасы жана “Тамашарики” командасы алды. “Позитифф” курама командасы “Тамашоунун” Кышкы фестивалында “Мыкты команда” наамына татыктуу болду.
Мындан сырткары оюндун жүрүшүндө “Тамашоунун” күйөрманы Кубаныч мырза Сокулуктагы балдар үйүнө көмөк көрсөтүп, баалуу белектерди жана түстүү сыналгы тапшырды.